Биз менен байланышыңыз

БШК Исхак Масалиевди талапкер катары каттаган жок

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 873 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Бишкектин Биринчи Май округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз берди. Бул тууралуу Масалиев өзү билдирди.

Ал парламентте оппозициялык маанайдагы депутаттар аз болгондуктан өз партиясындагы депутаттардын санын көбөйтүү үчүн ушундай кадамга барганын айтты.

«Мен Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу тууралуу арыз бердим. Мен шайланып калсам, парламенттеги ордума «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен башка депутат келмек. Оппозициячыл депутаттардын саны көбөймөк. Буга мыйзам жол берет», — деди Масалиев.

Бирок БШК Исхак Масалиевдин депутатыкка талапкер болуу тууралуу арызын четке каккан кат жиберген.

«Чынын айтсам, бул мыйзамсыз жана акылга сыйбаган нерсе. Мыйзамсыздык азыр көнүмүш адатка айланып калгандыктан, сотко берип же менин аракетимдин туура экенин далилдегим келген жок. Мен БШКнын жетекчиси менен сүйлөштүм, ал жумушчу топ менен бирдей пикирде экенин айтты. Президент аны сыйлагандыктан, талаш-тартыштын жыйынтыгы кандай болорун айтуу кыйын эмес. Ар бир талапкерге ийгилик каалайм», — деди депутат Масалиев.

Бишкектин кайра шайлоо өтө турган бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшыргандардын саны 60ка жетти. Алардын 18ин талапкер катары катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM