Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду курууну тапшырды

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 199 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун долбоору менен таанышты.

Бишкек-Ош жолунда Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө оор жүк ташуучу жана транзиттик унааларды кошкондо 35 миңге жакын унаа агылып өтөт, натыйжада жол тыгындары жаралып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралууда.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда. Долбоордун алдын ала наркы 800 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Өзгөн районунун Бөксө-Жол айылындагы авариялык деп табылган №60 орто мектептин абалы менен таанышты. Анда 335 окуучу билим алат.

Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга долбоордук-сметалык документтерди даярдап чыгып, курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM