Биз менен байланышыңыз

Энергосистеманы турукташтыруу иштери аяктоо алдында турат

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 307 | 0

Бүгүн, 25-январь саат 21:00гө карата энергетика тармагында абал турукташууда. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасы «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Учурда бардык 110 кВтык жана 500 кВтык системалык линиялар ишке киргизилген.

Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын суу-энергетикалык режими турукташтырылган. Ошондой эле жабдуулардын бузулушу аныкталган эмес.

Жөнгө салуу иш-чараларын эске алуу менен «Бишкек жылуулук» ишканасында суунун температурасы көтөрүлүүдө. Бишкек ЖЭБинде электр жана жылуулук жүктөмдөрү жогорулатылып жатат. Түнкү саат 12:00дөн кийин электр энергиясы көбөйүп, эртең мененки чыңалууга кадимки режимде өтүү пландалууда.

Түнкүсүн жана эртең эч кандай чектөө чаралары каралбайт.

25-январда Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген. Учурда бардык аймактарда жарык бериле баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM