Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Жакында коронавирустун катталуусу кескин жогорулашы ыктымал

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 273 | 0

Өлкө боюнча электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам орун алган өзгөчө кырдаалга байланыштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кеңешме өткөрдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республикадагы эпидемиологиялык абал жана жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, жакынкы жумаларда жарандардын коронавирус инфекциясына чалдыгуусу кескин жогорулашы ыктымал.

Эдил Байсалов саламаттык сактоо тутумун COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымалдыгына карай толук даярдыгын камсыздоону жана зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM