Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көпчүлүк аймагында жарык өчтү

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 421 | 0

Бүгүн, 25-январда түшкү убакытта Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жана бир топ аймакта электр жарыгы өчтү

Ошол эле учурда интернеттин иштешинде да көйгөй пайда болду.

Бишкектин тургундары жол чырактары да  бузулуп, иштебей жатканын айтышууда.

Энергетика министрлиги авария болгонун билдирди, бирок кайсы жерде экени айтыла элек.

«Түндүк электр» ААК менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын басма сөз кызматтары жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин тактап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM