Биз менен байланышыңыз

Абдувапов: Быйылкы салык болжолдон 8 млрд сомго ашык жыйналды

Экономика | 25 Янв 2022 | 974 | 0

Бүгүн, 25- январда Мамлекеттик салык кызматы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Анда жаңы Башмыйзамдын негизинде кайрадан жазылган Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр, ошондой эле быйылкы жылга карата чогулган салыктар боюнча маалымат берилди.

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы бюджетке 105 млрд 714 млн сом салык жана жыйым чогултуп, болжолдонгон планды 8 млрд 945 млн сомго ашык аткарган. Муну менен салыктардын түшүүсү 2020-жылга салыштырмалуу 26,7 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга карата 155,6 млрд сом салык чогултуу милдети коюлду. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жыйында билдирди.

«2020-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 26,7 млрд сомго көбөйгөн. Анын ичинен республикалык бюджетке 86 млрд 332,7 млн сом жыйналган. Жергиликтүү бюджетке 19 млрд 381,3 млн сом чогултулду. Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды бир катар факторлордун негизинде ашыгы менен аткарды. Анын ичинен салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерге онлайн кызмат көрсөтүү иштери жүзөгө ашты. Атап айтканда, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, «Жыйынды пост» системасы, товарларды маркалоо жана башка долбоорлор да өзүнүн жыйынтыктарын берди. Мындан тышкары экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү». 

Салык кодексинин жаңы кабыл алынган редакциясы боюнча ишкерлер арасында көптөгөн нааразычылыктар айтылууда. Ал эми Министрлер кабинети мыйзам аркылуу көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, бардык ишкерлерди санарип системага өткөрүү максатын койгонун байма-бай айтып келет.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев жаңы салык кодекси ишкерлер үчүн таза атаандаштык шарттарды жана мыйзамсыз сооданы аныктоону камсыздай турганын айтат. Ал белгилегендей, жаңы редакцияда эки негизги режим киргизилген: ири компаниялар төлөй турган жалпы салыктык режим; бирдиктүү салык төлөмү. Ага ылайык, 30 млн сомго чейинки акча жүгүрткөн компаниялар жана ишкерлер ушул бирдиктүү салык режимине өтө алат.

«Жаңы кодекстеги каралган чоң өзгөрүүлөрдүн бири социалдык төлөмдөр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болот. Тагыраак айтканда, 15 адамдан ашкандан кийин төлөмдөр 14,25 % болот. Анын 4%ын жумуш берүүчү, ал эми 10%ын жумушчу өзү төлөйт. Азыркы учурда ишкер субъекттер төлөгөн салык 38%га чейин барат. Ошондой эле бизнестин кээ бир түрлөрүнө патент системасын жоюу каралган. Эскерте кетсек, учурда чакан жана орто бизнес негизинен ушул патент системасы менен иштейт. Андан тышкары Салык кызматы укук коргоо органы сыяктуу салык иликтөө иштерин жүргүзө алат. Жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша берилет».

Өткөн жылдын декабрь айына карата 7 миң 400 ККМ (көзөмөл-кассалык машина) орнотулду. Бул маалыматты мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сүйналиев берди. Анын айтымында, учурда кассалык аппараттардын каттоосу өсүүдө. Элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 2 млрд сомго көбүрөөк каражат чогултулду. Жалпы өлкө аймагында 32 миң 552 ККМ колдонулуп жатат.

«2020-жылдын 24-июнунда өкмөттүн токтому чыгып, ККМге өтүү мөөнөтү бекитилген. Ага ылайык, Бишкекте ишкерлер кассалык аппараттарга 1-апрелге чейин, аймактарда 1-октябрга чейин өтүшү керек эле. Бирок биз Экономика жана коммерция министрлиги менен бирге мөөнөтү карап жатабыз. Кошумчалай кетсек, ККМге өтпөгөндөргө 20 миң сомдон ашык айып каралган. Азырынча айып салына элек, бир гана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат».

Айта кетсек, Салык кодексинин жаңы редакциясы 2022-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирди. Бул боюнча айрым ири базарлардын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга каршылык көрсөтүп, нааразылык акциясына чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM