Талас облусунда «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясы курулат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Киров суу сактагычына барган.
Министрдин маалыматы боюнча, «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭС курулат.
Бул ГЭС Киров суу сактагычынын мурда пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Станцияны курууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 22,9 млн доллар бөлүнгөн. Учурда жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланганы айтылды.