Биз менен байланышыңыз

«Акын менен журналисттин кармалышы — авторитардык Конституциянын жыйынтыгы»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2022 | 1564 | 1

Күчтүн баары президент институтуна жана аткаруу бийлигине топтолгонуна байланыштуу аткаруу бийлиги өз каалаганын кылып жатат. Мындай пикирин юрист Таттуубүбү Эргешбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын пикиринде, бир мамлекеттик институттун, бир бийлик бутагынын ролун чоңойтуу — бул абдан чоң кыянаттык жана мамлекеттик институттардын ортосундагы баланска дал келбеген нерсе. Бүгүнкү көрүнүш  — конституциялык референдумдун жыйынтыгынын бири. Эмнеге дегенде, президент өз институтуна Министрлер кабинетин кошуп туруп, абдан күчтөнүп  кетти. Өлкөдө андан күчтүү эч бир түзүм жок. Ошонун жыйынтыгында бүгүнкү күндө Министрлер кабинети болгон мыйзамдарга көз жумуп коюп жатат.

«Бул жерде мисалы, журналисттердин иликтөөсү бийлик өкүлдөрүнө жакпаса, сотко бериши керек болчу. Анан териштирүүнү соттук процесс учурунда жүргүзүү керек болчу. Бирок бүгүнкү күндөгү көрүнүш колунда болгон бийлик ресурстарын  -күч органдарынын механизмдерин колдонуп туруп, болуп жаткан иликтөөгө кысым жүргүзүлүп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич маалымат жыйын өткөрүү менен бул иш өзүнө тиешелүү экенин көрсөтүп койду. Конференциянын жүрүшүндө: «Бир тууган иним депутаттыктан кетет»,-  деп кепилдик берип койду. Анын депутат катары кол тийбестиги бар, анан Министрлер кабинетинин мүчөсүнүн каалоосу менен депутаттык мандатынын алынып калышы демократиялык өлкөлөрдө ойго келбеген нерсе болуп жатат. Мен юрист катары бир эле нерсеге көңүл буруп кетет элем, бүгүнкү күндө журналисттерге, оппозициялык блокко, керек болсо жарандык коомдун кээ бир өкүлдөрүнө абдан күчтүү кысым болуп жатат. Бизде президент институту абдан күчөтүлүп, аткаруу бийлиги президенттин колуна өтүп, бүгүнкү күндө ошол институт каалаганын кылып жатат. Сот жана парламент бүгүнкү күндө алсыз жана бүжүрөгөн бир органдар болуп калды. Бүгүнкү күндө конституциялык укуктар кыскартылып, президент институтунан, аткаруу бийлиги институтунан сырткаркы институттардын эч бир күчү жок болуп калды. Бул биз айтып жаткан авторитардык Конституциянын жыйынтыгынын Болот Темировго, анын студиясына болгон бир көрүнүшү. Бирок анын түбү тамыры ошол жактан келип атат», — дейт юрист.

1 пикир

1 пикир

  1. Фатима

    25.01.2022 15:00

    Т.Эргешбаева,юрист катары эн баалуу, туура оюн чындыкты 👍😊кубандыра, ложьду 😭та жазган.Таттуубу айымдын оюна,пикирине кошулам.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM