Биз менен байланышыңыз

Жапаров Борбордук Азия жана КЭР мамлекет башчыларынын саммитине катышат

Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 216 | 0

Президент Садыр Жапаров эртең, 25-январда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат.

Онлайн-саммитти өткөрүүнү Кытай демилгелеген. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ар тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата тараптардын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

1992-жылдын 5-январында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлган.

Эки тараптуу мамилелердин негиз салуучу документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим да саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM