Президент Садыр Жапаров Кытайга боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.
Мамлекет башчысы аралыктан, бирок толук кандуу график менен иштейт.
Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 10-январдан 17-январга чейин кыска мөөнөттү эс алууга чыккан.