Биз менен байланышыңыз

ИИМдин имаратынын алдында акындардын мөөнөтсүз айтышы башталат

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 3225 | 1

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында акындардын мөөнөтсүз айтышы башталат. Бул тууралуу төкмө акын Асылбек Маратов билдирди.

Учурда ИИМдин имаратынын алдында акындар, манасчылар, журналистер жана жарандык коом акын Болот Назаровго жана журналист Болот Темировдун боштондугун талап кылышууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан акын Болот Назаров кармалып, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылган.

Анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, зат салмагы 8,69 граммды түзгөн баңгизаты болгон кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

Бүгүн, 23-январда Болот Назаров Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 48 саатка камалды.

Өнөрпоз Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган. Анын «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

Акындын жубайы жана бир туугандары анын кармалуусун каралоо катары баалашууда.

1 пикир

1 пикир

  1. таалай

    23.01.2022 18:49

    Ырчы менен элчиге олум жок!!Ырдагыла акындар чындыкты биздин баалай билет

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM