Биз менен байланышыңыз

22-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 192 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Эртең, 22-январда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…+1;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM