Биз менен байланышыңыз

Отчёт: «Кумтөрдө» былтыр канча алтын өндүрүлгөнү айтылды

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 621 | 0

Министрлер кабинети 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесин өткөрдү. Анда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын 2021-жылда жасаган иштери боюнча отчёт берди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын он эки айында «Кумтөрдө» 14 миң 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери ишкана 13,6 миллиард сомдук салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, план 9 миллиард сом болгон. Ошентип, чегерүүнүн планы 150% ашыгы менен аткарылган.

2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 миллион долларды түзгөн, анын 621 миллион доллары убактылуу тышкы башкаруу учуруна таандык.

Алтындын бир унциясына накталай акчанын жалпы наркы 220 долларга же 16%дан ашыкка кыскарган.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрү «Кумтөр» кенинин 2021-жылдагы ишине оң баа беришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул көрсөткүч менен «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизүү натыйжалуу болгонун айтып, отчётту бекитти.

Мындан тышкары Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылдын пландары тууралуу да маалымат берди.

Анын айтымында, жакынкы келечекте кенди жер астынан казууну баштоого жана калдык сактоочу жайлардын калдыктарын көмүүгө мүмкүндүк бере турган туруктуу өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат.

«Кумтөр Голд Компанинин» 2022-жылга карата өнүктүрүү планына ылайык, 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү болжолдонууда.

«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Центерра Голд Инк.» тарабынан коюлган тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компанинин» эмгек жамааты милдеттерди аткара алышты. «Кумтөр» кени туруктуу, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында толук төлөнүүдө», — деп ишендирди Тенгиз Бөлтүрүк.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрү «Кумтөр» кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

«Кумтөргө» 3 айлык мөөнөткө убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 18-майда дайындалган.

Учурда «Кумтөр» кенин толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.

Copyright © 2017 Maral FM