Жалал-Абад облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө 2021-жылды жыйынтыктаган ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 12 ай ичинде облус аймагында жалпы 623 жол унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен 151 жаран каза болуп, 1030 жаран денесинен ар кандай жаракат алган.
Ал эми жалпы 58 941 жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга протоколдор толтурулган болсо, анын ичинен 1538 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айыпка жыгылган. Бул көрсөткүчтөр былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ жогорку пайыздарга ээ.