Биз менен байланышыңыз

Ташиев менен Маткеримов Жалал-Абаддын активдери менен жолугушту

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 377 | 0

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов Жалал-Абадда район-шаарлардын, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолушуп, аймактагы бир катар көйгөйлөрдү угушту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйынды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеп, эл өкүлдөрүн аймактагы маселелер менен жакындан таанышып, көмөк көрсөтүү аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда облуста медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги, айлык акынын аздыгы, эскилиги жеткен имараттарды жаңылоо зарылчылыгы айтылды. Ушундай эле көйгөйлөр билим берүү жана маданият жаатында да бар экени белгиленди.

Жогору Кеңештин депутаттары облус жетекчилиги менен биргеликте аймактагы социалдык маселелерди чечүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

Эл өкүлдөрү элден келген кайрылуулардын ар бири боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүрүп, аткаруу бийлиги менен биргеликте ыкчам чечүү жолдору караларына убада беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM