Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 15-январда Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу жолдордо муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…+2, күндүзгү жогорку температурасы +16…+18.