Биз менен байланышыңыз

«Окуучулар сабакка 7:30да барат». Мадумаров кечиккен депутаттарды сындады

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 6921 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кесиптештерин жыйындарга кечикпей келүүгө чакырды. Мындай оюн ал парламенттин 12-январдагы сессиясында айтты.

«Жыйындарды саат 10:00гө белгилегенден кийин убагында баштасак, 5 мүнөт калганда кирип, отурсак. 7-6 жаштагы биринчи класстын балдары саат 7:30да биринчи сабакка барып жатат. Укаланып келип алып, бул жерде «жетим чогулуш» өткөрөсүңөр. Тартипти өзүбүздөн баштайлы. 10:00дө жумуш башталышы керек», — деди Адахан Мадумаров.

Депутат мындан тышкары, парламент жыйындарында сөз сүйлөөдө толук кыргызча же толук орус тилинде сүйлөөгө, эки тилди аралаштырбоого чакырды.

Бүгүн эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттерди түзүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM