Биз менен байланышыңыз

Азиза Абдирасулова: Бизге ондогон жарандар жардам сурап кайрылды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2022 | 446 | 0

Казакстандагы окуяларга байланыштуу биздин уюмга жардам сурап кайрылгандар бар. Бул тууралуу «Кылым шамы» уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Алар — негизинен Казакстанга кеткен туугандарынын дайынын билип берүү боюнча же кармалып калганы боюнча чалып жаткан кыргызстандыктар.

«Бүгүнкү күндө бизге ондогон жаран кайрылды. Бизде Казакстанга барганга мүмкүнчүлүк жок, бирок консулдук менен Тышкы иштер министрлиги менен түздөн-түз байланышып, маалыматтарды берип жатабыз. Алардын туугандарын тезинен Кыргызстанга кайтарып алууга салымыбызды кошолу деп турабыз», — дейт укук коргоочу.

Азиза Абдирасулованын айтымында, элчилик, Тышкы иштер министрлигинин Алматыдагы консулдугу Казакстандагы бүгүнкү кырдаалды эске алганда, жакшы иштерди алып барып жатат. Андан тышкары «Кылым шамы» уюму Казакстандагы кыргыз диаспорасы менен жакшы иштерди алып барууда. Алар жер-жерлерде канча кыргыз жарандары кармалып жатат, алардын абалдары кандай деген маалыматтарды чогултууга көмөктөшүп жатышат.

«Менин баамымда, биздин Акыйкатчы институту тарабынан иш солгунураак жүрүп жатат. Себеби Казакстанда Акыйкатчы институту иштейт, биздин Акыйкатчы шайлоого байланыштуу кетип калып, институт катары түздөн-түз иш алып бара албай жатканы өкүндүрөт», — дейт ал.

Укук коргоочу негизинен Чымкенттен, Тараздан, Алматыдан көп кайрылуулар болуп жатканын билдирди. Азырынча ал жарандарды токмоктолгон деп айта албай турганын кошумчалады.

«Ур-токмокко алынды деп түзмө-түз айтуудан алыс болуп турайын. Ал жарандарыбыз Кыргызстанга келсин. Андан аркысын дагы иликтейбиз. Викрамды кечээ баарыбыз көрдүк, токмоктолгону айтпаса да көрүнүп турат. Ал эми кээ бир адамдар мени токмоктоду деп ачык айта алышпайт, кармалып турушат», — дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM