Биз менен байланышыңыз

«Казакстан башка өлкө жарандарын айыптоодо абайлашы керек»

Казакстан башка өлкөлөрдүн жарандарын террорчулукка айыптоодо абайлашы керек. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Казакстанда болгон окуяга башка мамлекеттин жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтар 5-6-январда чыга баштаган. Учурда 100 миңден ашык кыргыз жараны Казакстанда иштеп, жашап келет. Андан тышкары ал жакта Өзбекстандын, Тажикстандын жарандары да бар. Алардын баары ошол окуяларга катышты деп айтууга болбойт.

«Бирок кээ бир башка мамлекеттин жарандары жанагындай талап-тоноо болуп жатса, ошого аралашып кетиши мүмкүн, же мүмкүн эмес деген кепилдикти эч ким бере албайт. Катышкан күндө да ошолордун баарын тактап, аныктап, күбөлөрдүн же далилдердин негизинде гана иш алып барса, Казакстан башка мамлекеттер менен карым-катнашта туура позицияны түзө алат. А эгерде жөн эле айыптай берсе, башка мамлекеттер менен мамилесин суутуп алышы мүмкүн», — дейт Медетбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM