Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Кара июль» курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 234 | 0

Бишкекте «Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб билдирди.

Көргөзмө 11-12-13-январда Улуттук тарых музейинде өтмөкчү.

«Биз ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскергибиз келет. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербеш үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз. Келгиле өзүбүздү жана жакындарыбызды аярлап, эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктургандар 185 484ге жетти. Анын ичинен 180 166 киши сакайды. Жалпы 2816 бейтап оорудан көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM