Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын бардык мечиттеринде казак элинин тынчтыгы үчүн дуба кылынды

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 678 | 0

Бүгүн, 7-январь күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде  боордош казак элинин тынчтыгы жана ынтымагы үчүн дуба кылынды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта: «Бүгүн, улуу жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде дини, тили, салты, үрп-адаты бир болгон боордош казак элине Жараткандан тынчтыкты, ынтымакты, даанышмандыкты, биримдикти жана бейпилдикти тилеп, дуба кылынды», — деп айтылат.

«Урматтуу мусулман бир туугандар! Бүгүн, ыйык жума күнү жалпыбыз боордош казак эли үчүн дуба кылалы! Себеби, сүйүктүү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун): «Дуба — мусулмандын куралы», — деп айткан! Бир мусулмандын башындагы кайгы, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. «Коңшунун кайыңы сынса, менин  кабыргам сынгандай болот» деп даанышман элибиз айткандай, динибиз, салтыбыз, үрп-адатыбыз бир болгон казак элине бекем сабыр жана акылман кадам тилейбиз. Урматтуу казак эли, бир туугандар! «Кайгы эң биринчи башка келгендеги сабырдуулук — чыныгы сабырдуулук» деп динибизде айтылгандай, бул кырдаалдан ачууга алдырбай, сабырдуулук менен чыгып, даанышмандык менен бир пикирге келип, туруктуулукка бет алат деген терең ишеничтебиз», — деген өз кайрылуусунда Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM