Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Казакстанга аскер киргизүү туура эмес кадам

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 1301 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров Казакстандагы оор кырдаал тууралуу оюн билдирип, андан чыгуунун жолдорун айтты.

Кочкоровдун пикиринде, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ – ОДКБ) алкагында Казакстанга аскер киргизүү — туура эмес кадам.

«Биринчиден, мамлекеттин ичиндеги өз ара саясий, социалдык пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ОДКБнын иши эмес. Казак эли террорист эмес. Экинчиден, кыргыз жоокерлери Казакстандагы мекеме-жайларды гана кайтарууга алат дегенге кепилдик жок. 2005-2010- 2020-жылдары биздеги башаламандыкта эл өзү эле элдик кошуун түзүп, маанилүү делген мамлекеттик, менчик мүлктөрдү кайтарып сактап калган. Казак эли да мына ушундай эле жол менен мүлкүн бүлгүндөн сактап кала алат. Үчүнчүдөн, Казакстанда иштеп, жан багып келаткан миңдеген жараныбыз бар. «Кыргыз жоокери казакка ок аткан» деп, мекендештерибизди убайымга салышары анык», — дейт Кочкоров.

Ошондуктан, Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча добуш берерде мына ушул жагдайларды эске алып, аскерлерди кошуналарга жиберүүгө каршы болушу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM