Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 6 миң 363 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 563 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 800 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 238 миң 912 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 27 миң 533 жаран экинчи компоненти менен эмделди.