Биз менен байланышыңыз

7-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 242 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 7-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Талас облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Талас облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт, тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM