Бүгүн эгерде Жогорку Кеңеш колдосо, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун бейпилдик орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстанга барышат. Бул тууралуу Kloop сайтына президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын билдирүүсүнө ылайык, кыргыз аскерлери митингчилерге каршылык көрсөтпөйт, болгону стратегиялык маанидеги имараттарды кайтарууга гана катышат.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын аскер-аба күчтөрү Казакстанга жөнөтүлгөнүн жергиликтүү басылмалар жазышты.
Орусиядан тышкары ЖККУга мүчө өлкөлөр Кыргызстан, Беларусь, Армения, Тажикстан да аскер жөнөтөрү айтылууда.