Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ГУМ «Чынар» соода борборуна барды. Бул туурасында сүрөт, видеолор аталган мекеменин инстаграм баракчасына жарыяланды.
Анда президент бүгүн, 6-январда соода борборго келгени, эл жылуу маанайда учурашып, сүрөткө түшкөнү жазылган.
Айрым маалымат булактары Жапаров ал жерден өзүнө күндөн коргоочу көз айнек сатып алганын жазды.