Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин чукул жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күн тартибинде Казакстандагы абал талкууланат.
2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Учурда Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилгендиги боюнча Казакстандын ЖМКлары билдирүүдө.