Биз менен байланышыңыз

Алматыда атайын операция башталганы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 2839 | 0

Казакстандын экинчи чоң калаасы Алматы шаарында коомдук тартипти сактоо үчүн атайын операция башталды. Бул тууралуу шаардын комендантурасы билдирди.

«Тилекке каршы, радикал маанайдагы топтор имараттарды талкалап, бизнес борборлорду тоноп, өрт койду. Алар укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы чыгып, мыйзам бузушту», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Алматыдагы башаламандык жана талоончулук уюштургандарды «чет өлкөдө атайын даярдыктан өткөн бандиттер» деп атап, өлкө президенти Токаев соңку окуяларды террордук акт  катары баалады.

Учурда Алматы калаасынын башкы коменданты болуп шаардык милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган.

Ал эми телефон байланышы бүгүн түнү берилгени кабарланды. Алматы калаасында интернет такыр иштебей калганы буга чейин айтылган.

ЖККУнун тынчтык миссиясы Казакстанга кандай шарт менен кирет?

Copyright © 2017 Maral FM