Биз менен байланышыңыз

«Тазалыкчынын» өлүмү. Маркумдун үй-бүлөсүнө мэрия тарабынан 50 миң сом бөлүнөт

Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 4732 | 0

Айдоочу өлтүрө сүзгөн «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери караңгыда чагылдыруучу элементтери бар атайын жумушчу жилет менен иштеп жаткан. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Бүгүн, 4-январда эртең мененки саат 8:15 чамасында Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн шыпырып жүргөн 1987-жылы туулган К.С. аттуу кызматкерди айдоочу сүзүп алган, ал жеринде мерт кеткен.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев кырсык болгон жерге барып, дем алыш күндөрү «тазалыкчылардын» борбордук көчөлөргө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы колдонууну тапшырды.

Мындан тышкары, көчөлөрдү тазалоодо жарык чагылдырган элементтери бар көчмө жол белгилерин — конустар, установкалар ж.б. колдонуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө резервдик фонддон 50 миң сом бөлүп, борбордук көчөлөрдө жумушчулардын ишин камсыз кылуу жана минималдаштыруу максатында сунуш киргизүү тапшырылды.

Бул акыркы убакта айдоочулардын айынан каза тапкан үчүнчү «Тазалык» кызматкери. Буга чейин 18-декабрга караган түнү мас айдоочу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетип, ал мерт кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM