Биз менен байланышыңыз

Сүлүктүдө 2 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды

Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 391 | 0

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарын, жардыруучу, уулуу зат сакталган кампалардын сакталуу эрежелерин текшерди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жалпы 400гө жакын кожолук текшерилди. Ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган бир жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренеси (ок атуучу, газ пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу) менен протокол түзүлдү.

Мындан сырткары Сүлүктү шаарынын 2 жараны мыйзамсыз сактап жүргөн 2 сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM