Биз менен байланышыңыз

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды

Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 570 | 0
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кечээ, 2-январь күнү Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды.
Мындай макам менен эми Каракол шаары 2022 — жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат. Эл аралык деңгээлде өтө турган иш — чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында Маданият, маалыат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комплекстүү иш – чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.
Эстафетаны кабыл алуу иш- чарасы концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.
Эске салсак, 2021- жылдын 18-декабрында С.Айни атындагы тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Душанбе – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өткөн.
Ал эми, 2022- жылы Каракол шаарында өтө турган маданий программалар боюнча маалыматтар министрлик тарабынан байма- бай берилип турмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM