Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын натыйжалуу иштеши үчүн кандай шарт түзүү зарыл?

Саясат | 30 Дек 2021 | 937 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы алгачкы күнүндө эле иштөө шарттары боюнча маселе козгошуп, айрым эл өкүлдөрү парламент имаратында жетиштүү шарт түзүлбөгөнүн айтып чыгышты. Парламентте айтылган бул өңдүү жагдайлар айрымдарды нааразы кылса, айрымдардын шакабасына айланды. Ошол эле учурда депутаттын иши натыйжалуу болушу үчүн ойдогудай шарт түзүлүшү керектигин айткандар да болду. Дегеле, депутаттарга шарт кандай түзүлүшү керек? Кененирээк төмөндө.

Кечээ, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ант берип, өз милдетин аткарууга расмий киришти. Аземден кийин эл өкүлдөрү жалпы жыйынга чогулушуп, төрага шайлашты. Жыйында депутаттар көтөргөн маселелердин ичинен коомчулуктун катуу талкуусуна кабылганы парламент имаратында иштөө шарты түзүлбөгөнү болду.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттеги айрым кесиптештерине иш бөлмө бөлүнө элегин, эмеректери эскирип калганын айтып чыкты. «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Надира Нарматова жардамчы, кеңешчи бөлүнүшү керек деген маселе көтөрдү. №32 Кочкор округунан депутат болгон Мирлан Самыйкожо эл менен иштешүүдө бийлик кандай колдоо көрсөтөрүнө кызыкты. №5 Ноокат округунан шайланып келген депутат Жусупбек Коргонбай уулу жадагалса, даараткана, ашканасында да түзүк шарты жоктугун айтып кейиди.

Булардын ичинен өзгөчөлөнүп, «Ынтымак» фракциясынан депутат Эрулан Көкүлов шарты жок деле иштеп келгенин, иштей берерин жар салды.

«Жардамчылар, Ак үйдүн ремонту, ашкана боюнча сөздөр чыгып жатат. Туугандар, Ак үйдүн ашканасы жок деле, башкасы жок деле иштеп келгем. Ишенип койгула, иштей берсе болот. Биз бул жакка жумушка келбей эле, «бизге бул керек» деп, өзүбүздүн талабыбызды койгону келиптирбиз. Ушу жерде кээ бир депутаттар, «жадагалса, кагаз, ручкабыз жок» деп жатасыңар, кабинеттериңердин ачкычын ала албай жатыпсыңар, силер эл өкүлүсүңөр да. Эгер өзүңөр ачкычыңарды алалбай жатсаңар, ким күнөөлүү буга? Биз бул жакка иштегени келдик, туугандар. «Машина керек эле» деген сыяктуу суроолоруңарды токтоткула».

Социология илими аныктагандай, шарты түзүлбөгөн, жакшы маяна албаган адамдын иши натыйжалуу болбойт. Өнүккөн өлкөлөрдүн мисалы буга далил. Коңшу Казакстанда эл өкүлү орточо 700 миң теңге (136 миң сом) айлык алат.

Жарандык активист Али Шабдан депутатка иштөө үчүн толук шарт түзүлүшү керек деген пикирде.

«Шарт жөнүндө маселе көтөрбө» деген — апендичилик. Шарт түзүлбөй туруп, ыңгайсыздыктар менен иштеген адамдын көйгөйү чечилбейт. Иш жүргүзүүнүн, ишти алып баруунун пайызы төмөндөйт. Биз: «Мугалимдер эмнеге жакшы сабак өтпөйт, доктурлар эмнеге ден соолукту жакшы карабайт?», — деп сындайбыз го. Кээ бир ооруканага кирсең, атканадан айырмасы жок, дарыгерлер таптакыр шарты жок иштеп жатышат. Ошондуктан шартты бардык мамлекеттик мекемеге түзүп берүү керек». 

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары кызматтык унаадан баш тарткан. Болгону иш башкармалык төрага, эки орун басары жана көзү азиз депутатка гана кызматтык унаа берүүгө милдеттендирилген.

№32 Кочкор округунан депутат болгон Мирлан Самыйкожо шайлоочулардын үмүтүн актоо үчүн керектүү шарт түзүлүшү керек деп эсептейт.

«Биздин округ — №32 Кочкор округу. Ал жерде Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондору бар. Аралыктарын билесиздер, үчөө үч башка жерде жайгашкан. Эми биз шайлоочуларыбыз менен тыгыз иштешибиз керек; биз ошол жерге кайра барышыбыз керек; алардан кабар алышыбыз керек. Мен элге: «Бир эле нерсеге убада берем, эгерде Кудай колдосо, эл шайласа, убадам ушул – үч райондо ачылган штаб жабылбайт», — деп келгем. Азыр ошол үч штабда үч киши болушу керек; үч киши жок дегенде бирден бөлмөдө отуруп, компьютер, принтер, кагазы болушу керек; мен ошол үч адамга өз чөнтөгүмөн акча төлөп беришим керек; имаратын чечишим керек. Кечээ ушул суроону бердим. Шарт түзүлбөсө, эртең элге ат менен барабызбы?»    

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, Жогорку Кеңеште такыр эле шарт жок деп айтуу мүмкүн эмес. Ак үй зарыл делген керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ал эми депутаттарды консультант, кызматтык унаа сыяктуулар менен камсыздоо мамлекеттик бюджетке жараша болушу керек.

«Бүгүнкү күндө Президенттин указы менен алардын айлыгы коюлган. Бара-бара мугалимдердики, врачтардыкы, башкалардыкы көбөйсө, депутаттардыкы да көбөйүшү керек. Башкача айтканда, элде кандай процесс жүрүп жатса, Жогорку Кеңештин айлык, машина, акча-тыйын, бензин ушул сыяктуу нерселери да ошондой эле деңгээлде болушу керек деп эсептейм. Идеалдуу шартты ишти баштап туруп, анан коюу керек го дейм».

Жогорку Кеңештин аппаратынын бюджети 647 млн сом, ал эми Президенттин аппаратыныкы 1 миллардан ашуун сомду түзөт. Адистердин айтымында, бийликтин тең салмагы бюджетке жараша сакталат.

Коомдук ишмер Шайырбек Маматокторов шарт жөнүндө ириде депутаттар өздөрү ойлонуп, өздөрү туура чечим кабыл алса болмогун айтат.

«Булар VI чакырылышта оозун ачып отуруп, ошондой бюджетти колдоп жиберишкен. Өздөрү чечкен маселеде өздөрүн жактай албаса, эмнеси парламент? «Аларга шарт түзүп бергенибиз туурабы, туура эмеспи?» деген биз ой жүгүртө турган маселе эмес. Аны өздөрү чечиши керек болчу. Президент менен өкмөттөн мурда Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган. «Сиздер токтоп туруңуздар» деген эрктүү депутаттар чыкса болмок. Бийликтин тең салмагы ошол бюджетке жараша сакталат. Демек, бул нерсеге өздөрү татыктуу. Буларга керектүү шартты түзгөндө деле кыйратып жибербейт».

Кыргызстан жаңы жылга жаңы парламент менен кирди. Быйыл бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды.

Ал эми №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш бергендер басымдуулук кылып, Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындаган. Ал 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM