Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы 7 комитет түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 30 Дек 2021 | 137 | 0

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин түзүмүн карады. Кечээ парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу боюнча депутаттардан турган комиссия түзүлгөнүн төрага Талант Мамытов билдирип, жумушчу топко сөз берди.

Жумушчу топтун атынан депутат Султанбай Айжигитов комиссия парламентте 7 комитет түзүүнү сунушташканын айтты.

Алар:

  1.  Эл аралык мамилелер жана коопсуздук;
  2. Өнөр жай саясаты жана экология;
  3. Конституциялык мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин регламенти;
  4. Финансы-экономикалык саясат жана бюджет;
  5. Социалдык саясат;
  6. Укуктук тартип жана коррупция менен күрөш;
  7. Транспорт, коммуникация жана курулуш.

Ошондой эле Султанбай Айжигитов жумушчу топ төраганын төрт орун басар болуусун сунуштаганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM