Биз менен байланышыңыз

Парламенттин спикерлигине Мадумаров менен Мамытов ат салышууда

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 814 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы бүгүн өз ишин баштады.

Алгачкы сессия депутаттардын ант берүү аземи менен коштолду. Ал эми биринчи жыйында жаңы чакырылыш парламенттин төрагасын шайлоону күн тартибине киргизди.

Учурда парламенттин спикерлигине «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөттү. Ал эми «Ынтымак» фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштады.

Адахан Мадумаров буга чейин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын спикери болгон. Ошондой эле 3 жолку чакырылыштын депутаты.

Талант Мамытов буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы болуп бир жылдай иштеди. Ал VI чакырылыштын депутаты болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM