Биз менен байланышыңыз

Медербек Саккараевге депутаттык мандаты кайтарылып берилет

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 538 | 0

Жогорку Сот парламенттик шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин талапкерлигин жокко чыгаруу тууралуу БШКнын арызын канааттандырган жок.

Мындай чечим 28-декабрда чыгарылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-октябрдагы отурумунда өз округунан эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин талапкерлигин жокко чыгарган. Мындай чечимге Саккараевдин Казакстандын да жараны экени себеп болгон. Ал Казакстандын жараны экени жөнүндөгү арыздар БШКга Саккараевдин шайлоодогу атаандаштарынан келип түшкөн.

Мыйзамга ылайык, башка өлкөнүн жараны Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлана албайт.

Кийинчерээк Казакстандын элчилиги Саккараевдин Казакстандын жараны катары тизмеде жок экенин билдирген.

Талапкердин расмий өкүлү Боршайкомдун чечими боюнча сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту арызды кароодон баш тартып, БШКнын чечимин күчүндө калтырган. Бирок Жогорку Сот талапкердин кассациялык арызын канааттандырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM