Биз менен байланышыңыз

Муратбек Исмаилов: Министрдин банкты башкаруусу уставга туура келбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Дек 2021 | 1441 | 0

Айыл чарба министринин «Айыл банктын» директорлор кеңешинин төрагалыгына дайындалышы аталган банктын уставына туура келбейт. Бул тууралуу экономист Муратбек Исмаилов «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Айыл банктын» негизги акционери мамлекет болгону менен ал рынок шартында иш жүргүзгөн финансылык институт.  Кандай гана финансылык институт болбосун, өнүгүү үчүн эл аралык корпоративдик башкаруу принциптери менен иштеши керек.  Ал принциптер боюнча, «Айыл банктын» же башка банктын кеңешин акционер түзөт. Бул учурда мамлекет акционер, анын арты менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу көзөмөлдөйт.

«Директорлор кеңешинин төрагасын шайлоонун да өз жол-жобосу бар. «Айыл банктын» кеңешинин төрагасын ошол кеңештин мүчөлөрү өздөрү арасынан бирөөнү көрсөтүп, шайлашы керек. Министрлер кабинетинин жетекчисинин: «Биз президент менен акылдашып, ушул кишини койгону жатабыз», —  дегенинин өзү туура эмес. Анткени жанагы принциптердин негизинде «Кеңешке шайланып келген мүчөлөр өздөрү арасынан бир кишини шайлап алышы керек» деп «Айыл банктын» өзүнүн уставында да жазылып турат», — дейт экономист.

Экинчиден, эгер айыл чарба министри кеңештин төрагасы болуп калса, анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна отчёт бериши керек. Азыр Маммүлктү башкаруу фонду Экономика министрлигинин астындагы бир уюм болду. Өзү министр болуп туруп, министрликтин алдындагы уюмга отчет бергени протокол жагынан да бир аз туура болбой калат.

«Айыл чарба министри өлкөдөгү айыл чарба саясатын жүргүзөт. «Айыл чарба саясатын дагы да жакшыраак жүргүзүү үчүн Кеңешке төрага кылып жатабыз»,- деп айтылууда. Туура, «Айыл банк» биздин дыйкандардын, фермерлердин талаптарына, муктаждыктарына жооп берген кызмат көрсөтүшү керек, ошондой продуктулар болушу керек. Бирок ал үчүн сөзсүз эле айыл чарба министрин «Айыл банкка» алып барып отургузуштун кереги жок. Аны адистер, эксперттерди тартып келип, дыйкандардын муктаждыгын аныктап, ошого жараша кызматын, продуктуларын жасап чыгарса, дагы натыйжалуу болот го деп ойлойм», -деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM