Connect with us

2022-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр жана окуялар күтөт?

Блог | 30 Дек 2021 | 972 | 0

Кыргызстандыктарды 2022-жылы бир катар өзгөрүүлөр жана маанилүү окуялар күтүп турат. «Марал» радиосу 2022-жылга пландалган жаңы эрежелер, иш-чаралар жана мааракелер тууралуу маалыматтарды топтоду.

1. Бизнести пландуу текшерүү 1-январдан кайра жанданат

Пандемия учурунда ишкерлерди колдоо максатында кабыл алынган мораторийдин мөөнөтү аяктагандыктан, 2022-жылдын 1-январынан тарта бизнести пландуу текшерүүлөр кайра жанданат.

Эскерте кетсек, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта текшерүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алып, 2020-жылдын аягында бул мөөнөт дагы бир жылга узартылган.

Кыргызстанда эки жылдан бери ишкерлер 10 ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүдөн бошотулган болчу.

2. Ысык суу менен жылытуунун тарифи көтөрүлөт

Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт. Тарифтерди көтөрүү 2022-жылдан тартып башталат.

Ал эми ысык сууга болгон тариф, тарифтик сеткага ылайык, жылына 14.1%га чейин 2025-жылга дейре жогорулайт. Өнөр жай үчүн тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөт.

3. Жөлөк пул көтөрүлөт

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пулдун көлөмү 2022-жылдан тартып 100%га, же 8000 сомго көтөрүлөт.

Ал эми ата-энесинен ажыраган томолой жетим балдардын жөлөк пулу да 2022-жылдын 1-январынан тарта 3 эсе көтөрүлөт.

4. Алкоголдук ичимдиктин баасы кымбаттайт

Арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 120 сомдон 140 сомго чейин жогорулады. 2023-жылдан тарта акциз 160 сомго дагы көтөрүлөт.

Этил спиртине акциздин наркы 1 литр үчүн 140 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда 120 сом болчу. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 80 сомдон 90 сомго чейин жогорулаган. 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

5. Блогерлер менен интернет-дүкөндөр салык төлөй башташат

2022-жылдан баштап блогерлер менен интернет-дүкөндөр салык төлөй башташат. Салык кодексинин жаңы редакциясы «Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү салык» деген берене менен толукталды.

Аталган мыйзам интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат. Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.

Адистердин билдирүүсү боюнча бул эки топко бөлүнөт. Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (КНС, 12%) төлөйт.

Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилген, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10%дык ставка менен киреше салыгын төлөйт.

6. Дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотулат

Министрлер кабинетине кыргызстандыктарды 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланганы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу жана бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларына кенемте төлөө тапшырылган.

Мындай чечим дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдик берүү жана дыйканчылыкты колдоо максатында кабыл алынган.

7. Эл каттоо өтөт

Кыргызстанда 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин элди жана турак жайды каттоо жүрөт.

Каттоо сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт. Өлкөнүн алыскы аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин болот.Каттоого Кыргызстанда жашаган бардык жаран, анын ичинде туруктуу жашоочулар, жарандыгы жок чет өлкөлүктөр, убактылуу жашап жүргөндөр, каттоо маалында убактылуу өлкөдө болбогондор да алынат.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы бардык турак үйлөр катталат.

Өлкөдө эл каттоо 2020-жылы жүрмөк, бирок пандемияга байланыштуу жылдырылган.

8. «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун модернизациялоо аяктайт

Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктун модернизациялоо иштери толугу менен 2022-жылы аягына чыгат

Азыркы учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Ага ылайык, бажы көзөмөлүнөн өткөрүүчү кошумча жабдуулар жана программалардын комплекси орнотулуп, объект толук камсыздалат. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган.

9. Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу аяктайт

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүүчү Баткендеги Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолу 2022-жылы толугу менен бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдаган.

Аталган жолдун узундугу долбоор боюнча 24.5 км түзөт. Жол курулушунун чыгымы 536 млн сомго баалаган. Курулуш иштери 2013-жылы апрель айында башталган. Бирок 2018-жылы жолдун 13-чакырымынан 17-чакырымына чейинки бөлүгү мамлекеттик чек арага жакын болгондуктан бүтпөй калган. Аталган участокто Ворух анклавынын тургундары менен Ак-Сай айылынын тургундары ортосунда бир канча ирет чыр чыккан.

10. Бишкекке 1000 электробус келет

Бишкекке алгачкы электр бустар 2022-жылдын күзүндө келет.

2021-жылдын 15-ноябрында Азия өнүктүрүү банкынын сайтында жана мамлекеттик сатып алуулар порталында 120 электробус жана заряддоочу инфраструктураны сатып алуу боюнча тендерге чакыруулар жарыяланган.

Арыздарды ачуу 2022-жылдын 14-январында болот. Алты айдын ичинде жеңүүчү аныкталып, келишим түзүлөт. Кыргызстанга 2022-жылдын экинчи же үчүнчү кварталында электр автобустарынын биринчи партиясы келиши күтүлүүдө

11.  «Бала-Саруу» кичи ГЭСи курулуп бүтөт

Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу кичи  ГЭСинин курулушуна капсула 2021-жылдын август айынын аягында салынган. Объекттин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, орточо жылдык электр энергиясы 92 млн кВт саатты түзөт.

Керектүү каржылоонун көлөмү, иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 22.9 млн долларды түзөт.

Долбоорду «Улуттук энергохолдинг» менен «Чакан ГЭС» ишке ашырат. Иштелип чыккан жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрында бүтөрү болжолдонгон.

12.  Тамчылатып сугарууга жеңилдетилген насыя берилет

2022-жылы дыйкан-фермерлерге 5 млрд 200 млн сом өлчөмүндө узак мөөнөттүү насыя берүү пландалып жатат.

Буга чейин 3 багытта насыя берилип келсе, 2022-жылы бул программага дагы бир өтө маанилүү багыт кошулат.

Тамчылатып сугаруу, чачыратып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөө технологияларын колдонгон дыйкан-фермерлерге, күнөскана ээлерине, багбандарга, органикалык айыл чарба өндүрүшү менен алектенгендерге, асыл тукум мал баккандарга, канаттуу кармагандарга, балыкчыларга, балчыларга, тоют сатуу, даярдоо менен алектенгендерге жылына 8% менен 60 айга 10 млн сомго чейин насыя берүү мерчемделип жатат.

13. Кыргыз эстрадасына 60 жыл толот

2022-жылы кыргыз эстрадасына 60 жыл толот. Курамына 15 профессионал музыкант кирген алгачкы эстрадалык ансамбль 1962-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдында түптөлгөн. Топту Чоро Кожомжаров жетектеп, музыкалык аспаптардан комуз-прима, комуз-альт, комуз-бас, аккордеон, бас гитара, электр-орган, урма аспаптар колдонулган.

2021-жылы май айында маданият министрлиги эстрада ырчыларын бирикме түзүүгө чакырган. Анда Эстрада союзу түзүлүп, ал юридикалык каттоодон өтүп, чыгармачыл адамдарды наамга көрсөтүү иштерин да колго алуу сунушталган.

14. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасы Түркия мамлекетине 2018-жылы берилип, 2020-жылы өткөрмөк. Пандемия шарттарына байланыштуу 2022-жылга жылдырылган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын төртүнчү айлампасы Изник шаарында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM