Биз менен байланышыңыз

АРИС: Чүйдө 40ка жакын социалдык объекти ишке берилди

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 161 | 0

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Чүйдө 37 социалдык объектини ишке берди.

Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте аталган долбоордун жыйынтыгы боюнча өткөн конференцияда айтылды.

АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиевдин айтымында, саламаттыкты сактоо объектилерине 11 кичи долбоордук сунуштар кирген. ФАПтар, ҮДТ имараттары курулуп, Кемин аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жана Жайыл районунун ОТБ реанимация бөлүмү ремонттолду.

Билим берүү жаатында 19 кичи долбоордук сунуштар колдоого алынды: 12 бала бакча, 3 спорт зал курулду, 4 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Айыл чарбасын жана ишкердикти өнүктүрүү багытында 7 объект бүткөрүлдү: Кара-Балта дарыясынын баш түзүмүн оңдоо, Ак-түз айылында канализация системасын тазалоочу жайды куруу,  Р-1, Р-2, Р-3, «Сай» жана «Люцерна» каналдарын оңдоо, жол боюндагы эки комплексти куруу.

«Айылды туруктуу өнүктүрүү» долбоору АРИС тарабынан ишке ашырылган жана Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам тилектештик өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Долбоор Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылды. Максаты – коомчулуктун конкреттүү муктаждыктарын эске алуу менен долбоор камтыган аймактарда жакырчылыкты кыскартуу. Долбоордун бюджети 11 миллион доллар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM