Биз менен байланышыңыз

Өмүрүн кыргыз тарыхын изилдөөгө арнаган окумуштуу Юлий Худяков дүйнө салды

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 446 | 0

Көрүнүктүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяков 74 жашында каза болду. Ал 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган.

Окумуштуу бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салымы үчүн Ю.С. Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери менен сыйланган.

Юлий Худяков жогорку кесипкөйлүгү, патриоттук позициясы үчүн урмат-сыйга ээ болгон. Анын бул жашоодон кетиши илимий-педагогикалык коомчулук үчүн орду толгус оор жоготуу.

Президент баштаган мамлекеттик жетекчилер окумуштуунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

С.Н. Жапаров, А.У. Жапаров, А.К. Касымалиева, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.К. Койчиев, Б.И. Борубашев, А.К. Эргешов, Р.А. Казакбаев, Б.Д. Купешов, А.К. Жаманкулов, М.С. Джуматаев, Б.К. Тыналиева, В.М. Плоских, А.А. Асанканов, Т.А. Абдырахманов, К.Ж. Садыков, Э.Дж. Маанаев, О.Дж. Осмонов, Т.К. Чоротегин, К.С. Молдокасымов, О.К. Каратаев, М.Ч. Кожобеков, К.Ш. Табалдыев, О.А. Солтобаев ж.б.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM