Биз менен байланышыңыз

Президент: Карапайым элге көбүрөөк жардам берип, жакшы жашагандарды көбөйтөбүз

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 795 | 0

Бийликтин башкы максаты карапайым элге көбүрөөк жардам берүү менен өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Бул багытта эл жөлөкпулду, пенсияны жана айлык маянаны көтөрүүнү, турак-жай менен камсыздоону, документи жок үйлөрдү документтештирүү жана жер трансформациялоону талап кыларын белгиледи.

Президент жыйында элди жакырчылыктан чыгаруу артыкчылыктуу багытка айланганын жар салды. Андан тышкары калтын жакыр катмарына колдоо катары 112 миң үй-бүлөгө электр энергиясын төлөөдө жеңилдик берилгенин кошумчалады.

-Балдар үйү, карылар үйүнүн шартын жакшыртуу максатында алардын тамагына мурда 110 сом бөлүнсө, азыр 220 сомдон карала баштады. Пенсия боюнча да тийиштүү жарлыкка кол койдум. Азыр орточо пенсия 6248 сомду түзөт. 711 миң пенсионерлердин жашоосун жакшыртуу максатында Акылбек Жапаровдун конкреттүү сунуштары бар. Биз көбүрөөк карапайым элге жардам берели деп жатабыз. Максат өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү. Жакыр жашаган катмардын саны жыл сайын азайып, орто катмардагылар көбөйүшү керек,-деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынына катышып жатат. Иш-чарада ар кайсы тармак боюнча жылдын жыйынтыгы айтылып, президенттин аткарган иштери тууралуу маалымат берилди.

Copyright © 2017 Maral FM