Биз менен байланышыңыз

Турдубекова: ИИМдин балдарды издөө иши чабал уюшулган

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Дек 2021 | 473 | 0

Бириккен Улуттар Уюму 2019-жылы балдарды интернаттарга, балдар үйлөрүнө жибербөө тууралуу резолюция кабыл алган. Бул тууралуу «Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, изилдөөлөр жетим балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде балдар күн сайын ар кандай зордук-зомбулукка кабылышарын көрсөткөн. Мындан улам дүйнө жүзү бала үй-бүлөдө гана бактылуу боло алат, жетим балдарга деген ар бир тыйын интернаттарга эмес, толук кандуу үй-бүлөгө кетиши керек деген жыйынтыкка келген.

«Мисалы, былтыр бизде 2 бала уруп-сабоодон каза тапты. Бул биз укканы эле, а укпаганы канча?» — дейт укук коргоочу.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы укук коргоо системасынын жоголгон балдарды издөө иши чабал уюшулганын белгиледи.

«Кошмо Штаттарды карасак, бала жоголсо, 3 сааттын ичинде таап алышат. Себеби ал жакта баары санариптештирүүгө өткөрүлгөн. Андан тышкары полициянын деңгээлинде жоголуп кеткен балдарды тез арада издөөчү атайын бөлүмдөр түзүлгөн. А биздин ИИМ балдарга канчалык көңүл бурат? Аз көңүл бурат. Балдар менен иштөө бөлүмү бар, бирок ал жетиштүү эмес. Мурунтан калып калган система менен эле келатышат. Убактылары болсо карашат, убактылары жок болсо карабай деле коюшат. Балдар менен иштей турган өзүнчө бир департамент, же башкармалык керек бизге»,  — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM