Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Алар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты. Садыр Жапаров Илхам Алиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Ильхам Алиев азербайжан тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.