Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болуп дайындалды

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 613 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Аида Касымалиева өзүнүн эмгек жолун «Азаттык» радиосунда баштаган. 2004-2008-жылдары «Азаттык+» жаштар программасынын координатору, автору жана алып баруучусу, продюссери кызматтарын аркалаган.

2008-2009-жылдары Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британия институтунун Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору болуп эмгектенген.

2010-жылдан 2021-жылга чейин «Ыңгайсыз суроолор» программасынын алып баруучусу, мультимедиа продюсери кызматын аркалаган.

2013-жылы Москва шаарында «Свобода» радиосунун кабарчысы болгон.

2013-жылы Бишкекке кайтып келип, кыска мөөнөткө «Азаттык» радиосунун кабарчысы болуп иштеген.

2013-жылы Прага шаарына которулуп, «Radio Free Europe» жана «Radio Liberty» радиостанцияларында 2014-жылга чейин иштеген.

2014-жылы А.Касымалиева «НТС» телеканалынын башкы продюсери болуп дайындалган.

2015-жылы Кыргызстандагы «Интерньюс Нетуорктун» грант-менеджери, редактору болгон.

2015-жылы КТРКда «Ой-Ордо» ток-шоусун алып барган.

2016-жылы «Тарыхтын татаал жолдору» аттуу даректүү тасманын үстүндө иштеген.

2017-жылга чейин Борбордук Азиядагы Америка Университети, «TRT World» телекомпаниясы (Стамбул, Турция), «Al Jazeera» телекомпаниясында (Доха, Катар) эмгектенген.

2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин депутаты.

2018-жылдан тарта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM