Биз менен байланышыңыз

Эдлана Асанбаева: Базардагылар ККМ аппаратка өтүүгө даяр эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2021 | 380 | 0

Биздин базардагы сатуучулар азырынча ККМ аппарат колдонууга даяр эмес. Мындай пикирин аудитор Эдлана Асанбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ККМ аппараты азыр аябай актуалдуу тема болуп турат. Буга чейин Кыргызстанда 3 компания ККМ аппаратын сатуу менен алектенчү. Аппараттын баасы 13 500-15 000 сомго чейин болчу. Аппарат сатып алгандарга компания куратор дайындайт. Ал келип, ККМ аппаратын кантип колдонуу керектигин бир көрсөтүп берип кетет.

«Ал аппараттан күнүгө Z отчёт чыгарып туруу керек. Сатуу журналы дегенди толтуруп туруу керек. Буларды жасаганды баары эле бир көрүп үйрөнүп калбайт. Баары бир суроолор жарала берет. Бирок кураторго чалсаң, алар: «ККМ аппаратты көтөрүп, бул жакка келгиле», — дейт. Ал кызмат көрсөтүүсү саатына 200 сом турат. Сен акча төлөп, консультация аласың. Кийин кайра суроо жаралса, кайра эле ККМ аппаратыңды көтөрүп жөнөйсүң», — дейт Эдлана Асанбаева.

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда «базардагылар мынча аппаратты кайдан алат?» деген суроо коюлган. Анда Орусиядан бир нече миң ККМ аппараты алынып келинет деген жооп болгон.

«Менде суроо жаралып жатат, алар келип, коюп берип коюп эле кетип калышабы, же бир ай консультация берип турушабы?» — дейт ал.

Андан тышкары ККМдин мобилдик тиркемесин дагы сунуштап жатышканын кошумчалады.

«Менин түшүнгөнүм боюнча азыр базардан патентти жоюп салса, ККМ бардык жерде болот. Мен келип бирдемке сатып алсам, алардан ККМ отчёт сураганга туура келет. Анда мобилдик тиркеме менен отургандар мага чекти кантип чыгарып берет? Ан үчүн кайра эле чыгым болуп, принтер алганга, же чек чыгарган аппарат сатып алганга туура келет. Экинчиден, базарда канча киши иштейт? Бирөөсү бир айткандан түшүнүп калат, экинчисине балким 2-3 жолу түшүндүрүү керек», — деген Эдлана айым мартка чейин ККМ аппараттарды киргизүүгө эл даяр эмес экенин, бул өтө аз убакыт экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM