Биз менен байланышыңыз

«Тигүүчүлөр бирдиктүү салыкты 5 жыл бою 0,25% өлчөм менен төлөшөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2021 | 489 | 0

Жаңы Салык кодексинде тигүүчүлөр өзүнчө категорияга бөлүнүп, аларга бирдиктүү салыктын өлчөмү 0,25% болду. Бул тууралуу «УчетПрофЛайн» аудитордук, бухгалтердик компаниянын башкы директору Наргиза Мирлан кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду биринчи жана экинчи окуудан өткөрүүдө өлчөм 1% болот деп айтылып жаткан. Акыркы окууда 0,25%га түшүп, бул 2027-жылга чейин күчүндө болот.

«Мындай ставка тигүүчүлөрдү, текстиль тармагын колдоо үчүн кабыл алынганы айтылды. Бул да жакшы нерсе. Бирок биздеги коомдук тамак-аш, сауна, мончо, бильярд деген ишкерлик түрлөрү өзүнчө категорияга бөлүнүп, алардын ставкасы 8% болду. Бул тармакта алектенгендер мындай теңсиздикке нааразы болгону менен чогулуп, сунуштарын бербей, өздөрүнүн пассивдүүлүгүн көрсөтүштү. Бул пайыз башында коюлган боюнча экинчи, үчүнчү окууларда да өзгөргөн жок», — деди ал.

Наргиза Мирлан кызы Экономика министрлигинин өкүлү бир жылдык товар айлантуусу 8 миллионго жетпеген жеке ишкерлер (ИП) менен катар эле ЖЧКлар да бирдиктүү салыктан бошотулат деп айтканын билдирди.

«Бирок мыйзам долбоорунан товар айлантуусу 8 миллионго жетпеген ЖЧКлар салыктан бошотулат деген пунктту тапкан жокмун. Ал жерде жеке ишкерлер деп гана турат. Мисалы, «ИП Жапарова» деп өз аты менен чыкса. Салыктан бошотулат дегени биротоло деген сөз эмес. 2022-жылы 0 ставка менен, 2023-жылдан баштап өзүнүн сатканынан 1% төлөнөт, 2024-жылы 2%, 2025-жылдан баштап башкалар төлөгөндөй эле төлөй башташат», — дейт ал.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM