Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын IT-компанияларына 80% буйрутма башка өлкөлөрдөн түшөт

Кыргызстанда IT тармагында иштеген отузга жакын компания бар, аларга 80% буйрутма башка өлкөлөрдөн түшөт. IT-компаниялардын бирикмеси 2008-жылы негизделип, андан соң Жогорку технологиялар паркы уюшулган. Ал Кыргызстандагы IT-адистердин чет элдик компаниялар менен кызматташуусуна, өнөктөш жана инвестор табуусуна да жол көрсөтөт. 22-декабрда өлкөдөгү мыкты программисттер чогулуп, бул тармакты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап, жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды сыйлашты.

Акыркы жылдары Кыргызстанда IT тармагынын ыкчамдык менен өнүгүүсү байкалып жатканын IT-адиси Азиз Абакиров айтат . Бул тармакта көптөгөн окуу борборлору ачылып, аны аяктагандар да көбөйгөн. Эмгек рыногунда программист-адистерге болгон талап да барган сайын күчөп баратат. Кыргызстанда программалык камсыздоону, мобилдик тиркемелерди, контентти жана IT кызматтарын экспорттоо рыногунун көлөмү жыл сайын өсүүдө.

«20 жыл мурда Кыргызстанда эки-үч программист да жок болчу. Мына, 20 жылда азыркы деңгээлге жетип, Жогорку технологиялар паркында эле миңдей IT-адиси иштеп жатат. Парктагы резидент компаниялар 35тен ашуун өлкөгө экспорт жасайт. Биздин программисттер Кыргызстанда олтуруп эле, дүйнөгө өзүнүн системаларын сунуштоодо. Програмиссттер жумуш издебейт, жумуш аларды издейт. Ошол программисттерди колдогон ишкерлер болуп саналат. Бүгүнкү иш-чарада IT коомчулук жана компания ассоциациялар менен биргеликте жылдын жыйынтыгын чыгырдык».

Namba групп компаниясынын жетекчиси Аман Тентиев IT тармагы кризиске көз каранды эмес деген пикирде. Анын маалыматына караганда, чет жакта программист болуп иштеп жүргөн эмгек мигранттарынан көп акча которулган. Айтишниктер Кыргызстанга эле эмес, башка өлкөлөргө да өздөрүнүн кызматын сунуштайт алат. Кыргызстанда бул тармак жаңы гана жанданып келе жатат, учурда өлкөнүн экспорттук позициясы алдыга чыгууда.

«Бул тармактан бюджетке пайда мигранттардан да эки эсе көп түшөт деп ойлойм. Кыргызстанда олтуруп эле өлкөгө акча алып келген тармак деп эсептейм. Билим жана эмгек менен тапкан киреше. IT тармагында туугандардын, тааныштардын же болбосо чиновниктердин жардамынын кереги жок. Эң башкысы, таланттуу, башы катуу иштеген, ойлонуусу мыкты адамдар өз ордун таба алат. Ийгиликтерди багындыра алышат. Биздин компанияда такси жана call-центр, буйрутма жагынан алганда 100дөн ашуун адам эмгектенет».

22-декабрда Бишкекте өткөн сыйлоо аземине Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, эл аралык уюмдардын, бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү, алдыңкы IT-компаниялардын жетекчилери, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандан келген меймандар катышты.

Уюштуруучу Авигаил Менаше программисттер быйыл өзгөчө ийгиликтерди багындырышканын айтып берди. Мисалы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алгачкылардан болуп Кыргызстан бриллиант кнопка алды.

«IT-стартаптардан 50 миң доллардан 1 млн долларга чейин эл аралык уюмдардан инвестиция алышты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк олипиадада информатика сабагынан мектеп окуучулары бир алтын жана төрт коло алып келишти. Учурда «Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр» кыргыз ассоциациясында миң программист бар. 2030-жылы 50 миң программист адис иштесе, чет өлкөлөрдөн болжолдуу түрдө 1 млрд доллар тартууга мүмкүнчүлүк болот».

Нурлан Калыбек Япония өлкөсүнөн келген өнөктөшү менен биргеликте Pricer Bishkek компаниясын негиздеген. Анын айтымында, IT тармагында ишкердик кылганга мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда бул ишканада жыйырмадан ашуун кыргыз жана жапон иштейт. Алдыда бул санды көбөйтүүнү көздөйт.

«Бул тармакта Япония өлкөсүнөн тажрыйба алып келгем. Бир жылдын ичинде жакшы ийгиликтерге жетиштим. Анан мага: «Эмне үчүн Кыргызстанда да мындай компанияны ачканга болбойт?» — деген ой келди. Андан соң жапондорго сунуштадым. Ошентип, бул тармак аркасында жапон эли менен кыргыз элинин ортосунда мамиле дагы да жанданды. Учурда жыйырмадан ашуун жаран жумуш менен камсыз болгон. Буйруса, алдыда мындан да жакшыртуу жана жумуш орунду кеңейтүү пландалууда. Кыргызтанда ишкердикти жакшыртууга болот жана мүмкүнчүлүктөр бар». 

Мыкты IT-адистерин сыйлоо аземинде төмөнкү компаниялар жана адистер атайын номинациялардын алкагында сыйлыктарды алышты:

«Эң тез өскөн IT компания» — Maddevs компаниясы. Учурда бул компания АКШ, Австралия, Европа, Вьетнам, Сингапур жана КМШ өлкөлөрү үчүн IT-өндүрүм иштеп чыгарат;

«Эң мыкты IT-салым кошуу» — Pricer Bishkek компаниясы;

Жылдын жетишкендиги» — информатика мугалимдери Артём Беляев, Павел Панков, Кылычбек Урайымов. Алардын окуучулары эл аралык олимпиадаларда мыкты ийгиликтерге жетишкен;

«Жылдын IT-ишкер айымы» — Дина Руслан;

«Жылдын IT-ишкер мырзасы» — Аман Тентиев;

«Жылдын экспансиясы» — Growave компаниясы;

«Эң мыкты IT-компания» — Namba One.

Эскерте кетсек, жеңүүчүлөрдү атайын комиссия, ошондой эле IT-коомчулук ачык добуш берүү аркылуу тандаган.

Copyright © 2017 Maral FM