Биз менен байланышыңыз

Парламент Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 203 | 0

Депутаттар Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок. Токтом долбооруна 88 депутат «макул» добуш берди.

Комиссия депутатты жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептейт.

Бакытбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Канатбек Исаев төрагалык кылган депутаттык комиссиянын курамына Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров («Республика-Ата Журт»), Канатбек Исаев («Кыргызстан»), Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Тазабек Икрамов («Өнүгүү-Прогресс»), Мамасадык Бакиров («Бир Бол») жана Эмиль Токтошев («Ата Мекен») кирген.

8-декабрда Жогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү же баш тартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун караган.

Комиссия депутаттарды жоопко тартууда мыйзам бузулган деп эсептей турганын билдирди. Талкуунун жыйынтыгында парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-декабрда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM