Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Мыйзамсыз миграцияга байланышкан 74 кылмыштын бети ачылды

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 395 | 0

Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматы жүргүзгөн операциялардын натыйжасында 74 кылмыштын бети ачылды.

Кармалгандардын 35и Өзбекстандын, экөө Кытайдын, экөө Түркиянын, экөө Пакистандын жараны болгон.

Операциялар негизинен Жалал-Абад, Баткен, Ош, Чүй облустарында, Бишкек, Ош шаарларында жүргүзүлгөн.

Кызматтын ыкчам аракеттеринин аркасы менен Өзбекстандан мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган өзбек адамды Кара-Балта шаарынан кармашкан. Ал 1996-жылдан бери жасалма паспорт менен жашырынып жүргөн. Колго түшкөн шектүү жаз айында Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

2021-жылдын февраль айында Интерполдун издөөсүндө жүргөн 1972-жылы туулган Кытайдын жараны кармалган. Ал өз өлкөсүндө оор кылмыш жасап, качып кетип, Ысык-Ата районундагы «Майнинг» фермасында жашынып жүргөн. Апрель айында Кытайга экстрадицияланды.

30-апрелде Ноокен районунан Өзбекстанда баңгизат боюнча оор кылмыш жасоого шектелип, издөөгө алынган 1984-жылы туулган жигит колго түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө 2018-жылдан бери жасалма паспорт менен Кочкор-Ата шаарчасында жашынып жүргөнү аныкталган. Ал андан тышкары чек арадан жасалма паспорт менен өтүүгө да айыпталып, 2 жарым жылга эркиндигинен ажыратылган.

10-ноябрда Бишкек шаарындагы Гоголь-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен 1983-жылы туулган өзбек жигит колго түшкөн. Ал өз өлкөсүндө киши өлтүргөнү үчүн издөөдө жүргөн. Мындан тышкары чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө. Учурда өлкөсүнө өткөрүп берүү маселеси каралып жатат.

Февраль айында Кара-Көл шаарынан «Мередес Бенц-413» (бусик) үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаадагы Тажикстандын 14 жараны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө. Чет элдик жарандардын мыйзамсыз аракеттери боюнча сот аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечимин чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM