Биз менен байланышыңыз

БШКнын өзгөргөн чечими: Сот Жанар Акаевдин пайдасына чечти

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 10601 | 0

БШК 15-декабрда партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизген. Натыйжада парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болгон.

Бул боюнча Жанар Акаев Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган. Бүгүн сот арызды карап, анын пайдасына чечим чыгарганын Акаевдин тарапташы кабарлады.

Айтылган жагдай туурасында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы да билдирүү таратты. Андан белгилүү болгондой, сот «Альянс» партиясынын арызын карап чыгып, БШКнын «Альянс» партиясына 3 квота бөлүү, алган добуштарынын саны боюнча жетинчи орунда турган Жанар Акаевдин ордуна квоталык негизде Токтобүбү Оргалчага мандат берүү чечимин жокко чыгарган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобо 15-декабрда кайра иштелип чыккан. Ага чейинки жободо бир партия жети мандат алса, анын экөө аялдар үчүн сакталат деп жазылган. Өзгөртүүлөргө ылайык, гендердик квота төрт же алты мандат алгандан кийин сакталат деп жазылды. Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болгон.

БШКнын өзгөргөн чечими: Акаевден Оргалчага оогон «оомат»

 

Copyright © 2017 Maral FM