Биз менен байланышыңыз

Чүй РИИБи: Бакыт аттуу 13 жашар бала дайынсыз болууда

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 200 | 0

Чүй райондук ички иштер бөлүмү 2008-жылы туулган Иманалиев Бакыт Русланович аттуу өспүрүмдү издеп жатат.

Милициядан маалымдашкандай, ал Чүй райондук мектеп-интернатында окуп жаткан. 28-ноябрда эч кимге айтпастан интернаттан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бакыт бою 145-150 см чамалуу, толмоч бала. Ошол күнү көк куртка, кара футболка, кара спорттук шым, боз ботас кийип жүргөн.

Баланы көрүп калгандар, же таап алгандар, же ал тууралуу маалымат билгендер болсо, 0 (312) 60-73-87 и 0 (501) 74-66-00 телефон номерлерине кабарлап коюуну райондук милиция өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM